
Кыргызстандын аймактарында акыркы суткада 35 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 36 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 7-июлда тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 3, Баткен облусунда 4 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.