Ирандын жогорку лидери көптөн бери биринчи жолу эл алдына чыкты (видео)

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи диний иш-чарага катышып, көптөн бери биринчи жолу эл алдына чыкты.

IRNA маалымат агенттиги Хаменеинин ишемби күнү Ашура түнү имам Хомейнинин мавзолейиндеги аза күтүү аземине барганын жазды.

Бул анын Израил менен Ирандын ортосунда согуш болгондон бери биринчи жолу эл алдына чыгышы. 86 жаштагы Хаменеи согуш учурунда бункерде экени айтылган.

Эске салсак, Израил 13-июнга караган түнү Тегеран жашыруун аскердик өзөктүк программасын ишке ашырып жатат деп айыптап, Иранга каршы операция баштаган. Иран жооп иретинде Израилге бир катар ракеталык соккуларды урган.

Эки өлкө 24-июнда ок атышпоо келишимине келишкен.

07.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан