Түштүк Корея бардык жарандарына акча тарата баштайт

Түштүк Корея ички керектөөнү жандандыруу максатында бардык жарандарына 150 миң вон өлчөмүндө акчалай колдоо көрсөтүүчү кеңири жардам программасын баштайт. Бул программа “керектөө купондору” деп аталат жана экономиканы турукташтыруу үчүн ишке киргизилет.

Korea Herald басылмасынын маалыматына ылайык, бул демилге Улуттук жыйында жума күнү бекитилген 31,8 триллион вон (23,3 миллиард доллар) кошумча бюджеттин бир бөлүгү. Программа 21-июлда башталып, 12-сентябрга чейин уланат.

Ички иштер министринин орун басары Ким Мин-жаэ:Бул төлөмдөр керектөөнү көбөйтүп, экономиканы калыбына келтирүүгө салым кошуп, муктаждарга колдоо көрсөтүшү үчүн даярдыктарды кылдат жүргүзөбүз”,- деп билдирди.

Белгилей кетсек, 18-июндан тарта Түштүк Кореяда жашаган бардык жарандарына бир жолку 150 миң вон (110 долларга жакын) төлөм жүргүзүлөт. Бул төлөмдөр кредиттик же банктык карталар, алдын ала төлөм карталары же жергиликтүү бийликтер берген белек сертификаттары аркылуу берилет.

Кошумча жардамдар өзгөчө муктаж катмарларга багытталат. Жакынкы чек арадагы үй-бүлөлөр менен жалгыз бой энелерге 300 миң вон (220 доллар), негизги жашоо жардамына муктаждарга 400 миң вон (290 доллар) берилет. Айыл жергесинде жашагандарга “аймактык өнүктүрүүнү тең салмактуу кылуу” максатында кошумча 50 миң вон берилиши күтүлүүдө.

Программанын экинчи баскычы 22-сентябрдан 31-октябрга чейин кирешеси эң төмөнкү 90 пайыз калкка 100 миң вон (73 доллар) кошумча таратуу менен улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан