"Абдан даамдуу". Сахалинде куу түлкү туристти алдап кеткен (видео)

Сахалинде түлкү аны телефон менен азгырууну чечкен туристтин смартфонун уурдап кеткен. Түлкүнүн амалкөйлүгү тартылган видео интернет желесине тарады.

Анда туристтин "мына, абдан даамдуу телефон" деп түлкүнү аппарат менен ​​өзүнө тартууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Бирок жаныбар этияттык менен жакындап, анан эптүүлүк менен смартфонду жулуп алып качып кеткен.

Түлкү артынан кууган туристке жеткирген эмес. Видеонун аягында жаныбар телефонду жерге коёт. Аппараттын мындан аркы тагдыры белгисиз. Бирок интернет колдонуучулары видео интернетке чыгып кеткендигине караганда ээси аны кайтарып алган деп божомолдошууда.

07.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан