Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 мекемесиндеги 111 соттолгон жаран мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды алышты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, бул жылы алар электр-ширетүүчү, электромонтер, шыбакчы, жыгач уста, автоунаа оңдоочу жана автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча устачылык сыяктуу кесиптерди өздөштүрүштү.
Быйылкы окуу жылында 111 окуучу техникумду ийгиликтүү аяктап, аларга мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилди. Ушул жылдын башында окуу жайда жаңы багыт - тигүүчүлүк өндүрүшү ишке киргизилип, окууга кызыккандардын саны кыйла өстү.
Алдыда №8 түзөтүү мекемесинде жаңы билим берүү багыттарын ачуу пландалууда.