Бишкекте Комсомол көлү ачылды (фото)

Бишкекте Карагач токоюндагы Комсомол көлү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, оңдоп-түзөөдөн өткөн аймак эми ысыкта салкындап, эс алууну каалагандардын баарына жеткиликтүү.

Комсомол көлү 10:00дөн 19:00гө чейин ачык. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат.

Комсомол көлүндө сүзүүнүн бир нече эрежелери:

- балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек;
- белгиленген жерден ары сүзүүгө болбойт;
- мас абалында сууга түшүүгө болбойт;
- баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз;
- кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат;
- сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан