Бишкекте өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпиондугу өтүүдө

Борбор калаада 5-июлдан 13-июлга чейин 15 жашка чейинки жана 20 жашка чейинки спортчулар арасында (U15 & U20) күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мелдештер "Бишкек Арена" спорттук комплексинде өтүп жатат.

Турнирге Азия континентиндеги эң мыкты жаш балбандар катышууда. Чемпиондуктун программасында үч олимпиадалык түр бар: грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү. Мелдештер 9 күнгө созулат, ар күнү финалдык беттештер өткөрүлөт.

"Бул чемпиондук жаштар спортун өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга жана күрөш спортунун өсүшүнө түрткү болот",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан