Бишкек - Санкт-Петербург багыты боюнча аба каттамы эртеңкиге жылды. Себеби

Бүгүн, 7-июлда Бишкектен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуучу учактын каттамы токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" билдирди.

Маалымдалгандай, каттамдын аткарылбай калышы Орусияда жүргүзүлүп жаткан “Килем” операциясына байланыштуу. Анын алкагында жарандык авиация үчүн аба мейкиндиги убактылуу жабылып, чектөөгө алынды.

"Жүргүнчүлөр мейманкана менен камсыз болуп, бардык зарыл болгон жардамдар уюштурулган. Жаңы каттам 8-июлга таңкы саат 04:00гө белгиленген",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан