АКШ Украинага негизинен коргонуу багытындагы курал-жарактарды көбүрөөк жөнөтөт. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон жолугушууда айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз көбүрөөк курал жөнөтөлү деп жатабыз. Биз милдеттүүбүз. Алар өздөрүн коргой алышы керек. Азыр алар өтө катуу сокку алып жатышат. Биз көбүрөөк курал жөнөтөбүз, биринчи кезекте — коргонуу багытындагы",- деди америкалык лидер.
Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, Трамп Владимир Зеленскийге мүмкүн болушунча көп аскердик жардам көрсөтө турганын убада кылган. Бирок басылма белгилегендей, азырынча аскердик техниканын жеткирилиши токтоп турат.
Эске салсак, буга чейин АКШ Украинаны колдоо максатында жөнөтүлмөкчү болгон айрым аскердик жабдууларды жөнөтүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат тараган.
Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк бул маалыматты четке кагып, мындай кадам "гуманизмге каршы" көрүнүш болуп калмак деп билдирген.
Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда бул кырдаалга жооп катары Европа өлкөлөрү менен биргелешкен курал өндүрүү тууралуу жаңы макулдашуулар даярдалып жатканын айткан.
Буга удаа АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс АКШ Украинага курал жеткирүүнү толугу менен токтотпогонун, болгону айрым учурларда жеткирүүлөргө убактылуу өзгөртүүлөр киргизилгенин айткан.