Кечээ, 7-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик милиция кызматы Ала-Арча жаратылыш паркында чет өлкөлүк жаранга жардам көрсөткөн.
Облустук милиция кызматкерлери анын тоодон кулап түшкөнүн байкап калышып, окуя болгон жерге дароо жетип барышканын жана ага алгачкы жардам көрсөтүшкөнүн белгиледи.
Жабыркаган жаран Недерланды өлкөсүнөн келген эс алуучу экенин такталып, Бишкек шаардык 4-ооруканасына жеткирилген.