Орусиянын Санкт-Петербург шаарында ата-энесинин виносунан даам татып көргөн 10 жаштагы бала жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, 3-класстын окуучусу ата-энеси кичинекей бөбөгү менен сейилдөөгө чыгып кеткенде муздаткычтан ачылган кызыл винону ичүүнү чечкен. Ал ачык винону алып, толук ичип салган. Үй-бүлө кайтып келгенде, уулу коридордо эс-учун жоготуп жаткан. "Тез жардам" чакырылып, мектеп окуучусу катуу уулануу менен ооруканага жаткырылган.
Дарыгерлер анын абалын оор деп баалап жатышат.