Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбе шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик мамилелери, ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаров менен саламдашып, Кыргызстандын мамлекет башчысынын сапары тажик-кыргыз мамилелеринин туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсүнө эки тараптын тең кызыкдарлыгын тастыктай турганын белгиледи.

Эмомали Рахмон Тажикстан Кыргызстан менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал маселелердин кеңири чөйрөсү карала турганын ырастады.

"Бүгүн кабыл алына турган чечимдер алакаларыбыздын, достугубуздун жана ынак коңшулаштыгыбыздын негизин бекемдөөгө, сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган. Бүгүн биз биргелешкен ишибиздин жыйынтыгын гана бекемдебестен, бул багыттагы мындан аркы аракеттердин нугун аныктайбыз деп ишенем", - деди Тажикстандын президенти.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Тажикстандын президентине жылуу жана меймандостукта кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Эмомали Рахмон менен болгон тар форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги актуалдуу маселелери талкууланганын белгилеп өттү.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык тариздөө аяктагандан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартиби, биринчи кезекте, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү болуп саналарын өзгөчө белгиледи.

Жапаров активдүү саясий диалогду улантуу кыргыз-тажик ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүнүн жана элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн эң маанилүү шарты экенин баса көрсөттү.

"Биз азыр кеңири багыттарды камтый турган толук форматтагы эки тараптуу кызматташтыкты баштоонун алдында турабыз", - деп канааттануу менен белгиледи Жапаров.

Бул контекстте Садыр Жапаров мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык механизмдерин, анын ичинде азыркы колдонулуп жаткан жана жаңыдан түзүлө тургандарын толук ишке киргизүүнү сунуштады.

Бул үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

- мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Кыргызстан менен Тажикстандын Жогорку мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин ишин жандандыруу;

- эки өлкөнүн парламенттеринин достук депутаттык топторунун жана тармактык комитеттеринин катышуусунда парламенттер аралык механизмди түзүү;

- Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин улантуу;

- Чек арага чектеш облустардын ортосунда туруктуу иштеген кызматташтык механизмин, Форум же Региондор кеңеши түрүндө түзүү.

Ал иш сапардын алкагында эки өлкөнүн бизнес-түзүмдөрүнүн ортосунда бизнес-форум өткөрүү жана өз ара пайдалуу келишимдерге кол коюу соода-экономикалык кооперацияны өнүктүрүүнүн жаңы келечегин ачарын белгиледи.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү чек ара соодасын өнүктүрүүгө гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө да багытталышы керектигин айтты.

"Кыргызстан менен Тажикстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусундагы "Түбөлүк достук" концерти сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү эки өлкөнүн элинин жакындашуусуна кошумча түрткү берет", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өз ара түшүнүшүүнү жана жакын коңшулаштыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзгөн биргелешкен көргөзмөлөрдү, чыгармачылык форумдарды жана маданият күндөрүн уюштуруу боюнча демилгелерди колдой турганын ырастады.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан региондун өлкөлөрү менен, биринчи кезекте тоолуу өлкө болгон Тажикстан менен тоолор багытында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу президент тоолуу аймактарда тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы турууга багытталган аймактык жана глобалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишмердүүлүккө кызыкдарлыгын да билдирди.

Садыр Жапаров Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтык боюнча кол коюлган документтер жана программалар биздин чек араларды достук жана ынак коңшулаштык аймактарына айландырууга мүмкүндүк берерин өзгөчө белгиледи.

"Чек аралар ачылгандан бери биз чек аралык соода жаатындагы байланыштардын акырындык менен калыбына келишин, маданий-гуманитардык алакалардын жанданышын жана жаштар саясаты жана спорт багытында активдешүүнү байкап жатабыз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров анын мамлекеттик сапары кыргыз-тажик мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем берип, бардык негизги тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишеним билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан