Кытай армиясы Евробиримдиктин Кызыл деңиздеги Aspides операциясы учурунда немис учагына лазердик сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматты Германиянын Тышкы иштер министрлиги тастыктаган. Анда Кытайдын Германиядагы элчилиги министрликке чакыртылганы айтылат.
"Кытай армиясы биримдиктин Aspides миссиясы учурунда немис учагын бутага алуу үчүн лазер колдонду. Немис кызматкерлерине коркунуч жаратып, операцияга кийлигишүү таптакыр кабыл алынгыс", деп айтылат билдирүүсүндө.