Казакстанда жер титирөө катталды

Бүгүн, 8-июлда Казакстандын түштүгүндө жер титирөө катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Европа-Жер Ортолук деңизи сейсмология борборунун маалыматына ылайык, Жамбыл облусунда 4,6 баллга жеткен жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 15:29да болгон. Жер титирөөнүн эпицентри Тараз шаарынан 126 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титирөөнүн күчү айрым аймактарда 6 баллга жеткен.

  • Кулан айылы – 6 балл

  • Мерке айылы – 5 балл

  • Шу шаары – 3 балл

  • Сарыкемер айылы – 3 балл

  • Төле Би айылы – 3 балл

  • Тараз шаары – 3 балл

  • Аса айылы – 2 балл

  • Мойынкум айылы – 2 балл

  • Кордай айылы – 2 балл

  • Бауыржан Момышулы айылы – 2 балл

  • Каратай шаары – 2 балл

  • Турар Рыскулов айылы – 2 балл

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгилегендей, жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалыматтар түшө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан