Балыкчыда бут кийимдин боосу менен таксистти муунтуп өлтүргөн эки жигит кармалды

Балыкчыда таксистти бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Ысык-Көл облустук милициясынан тастыктады.

Маалымдалгандай, 3-июлда шаардык милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, 2-июль күнү саат 17:00 чамасында анын атасы, 1961-жылы туулган Б.Ш. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен такси кызматында иштеп жүрүп, дайынсыз болуп жаткандыгын жана уюлдук телефону өчүк экенин билдирген.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 4-июлда Абрикос дачасынын аймагынан анын денеси табылган. Сырттан кароо учурунда спорттук бут кийимдин боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 4-июлда Балыкчы шаарынын 1996-жылы туулган тургуну К.М. жана Чолпон-Ата шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Ж.К. кармалды.

Балыкчы шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр 2 айга камалды. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан