Labubu'нун иниси: Кытайда жаңы Wakuku оюнчугу популярдуулукка ээ болууда

Кытайда жаңы оюнчук пайда болду, ал Labubu оюнчугуна атаандаш болуп, аны базардан сүрүп чыгарышы мүмкүн. Төмөндө биз бул оюнчук эмне экенин жана эмнеге чоңдорду да өзүнө тарткан "татынакай жапайы" оюнчуктар ушунчалык популярдуу болуп жатканын айтып беребиз.

Wakuku деген эмне жана ал кайдан чыкты?

Wakuku - бул коллекциялык фигура. Аны Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы Letsvan компаниясы жараткан. Алгач бул оюнчук 2024-жылы сатыкка чыкканы менен, чыныгы атак-даңк ага 2025-жылдын жазында Labubu оюнчугу популярдуу болгон соң келген.

Miniso дүкөндөр тармагында Wakuku оюнчугу сатуу боюнча рекордго жеткен. Анын социалдык тармактагы расмий аккаунттары да Кытайда популярдуу.

Wakuku да, Labubu да - бул кичинекей фигуралар. Эки каарман тең өзгөчө мимикага ээ. Алардын тиштери көрүнүп турат (Wakukuда бир эле тиш бар), ысымдары да окшош жана оңой эстелет.

Wakuku да "сюрприз-куту" (blind box) түрүндө сатылат. Сатып алуучу бул оюнчуктун кайсы версиясы чыкканын кутучаны ачмайынча билбейт. Бул ыкма кардарлардын кызыгуусун арттырып, бүт коллекцияны чогултууга түрткү берет.

Vogue Business белгилегендей, оюнчуктарды жаш балдар гана эмес, чоңдор дагы сатып алышууда. Бирок бул биринчи жолу эмес. 1990-жылдары Beanie Babies оюнчуктары чоңдорду өзүнө тартып, 2016-жылы Pokemon Go виртуалдык оюнунун айынан миллиондогон адамдар кеңселерде, парктарда, поезддерде покемон көтөрүп калышкан.

"Азыр дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эске алганда, адамдар көбүнчө өздөрүнө ыңгайлуу, кубаныч тартуулаган нерселерди издеп жатышат. Бул - кичинекей дүйнө: өзүң менен алып жүрө турган сүйкүмдүү жана жубатуучу бир нерсе",- деп жазат басылма.

Wakuku оюнчугунун тез арада популярдуулукка жетишине кытайлык атактуулардын салымы чоң болду. Мисалы, Кытайдын эң белгилүү медиа жылдыздарынын бири Эстер Ю джинс шымына Wakuku оюнчугун тагып жүргөнү көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Ал эми Олимпиада чемпиону Цюань Хунчан Париждеги оюндарда Wakuku салынган рюкзагы менен элдин сүймөнчүгүнө айланды.

2024-жылдан тарта Wakuku бренди Yuehua Entertainment агенттиги менен кызматташып келет. Бул агенттик Кытайдагы эң ири артисттик жана инфлюенсердик компаниялардын бири. Wakuku'нун ийгилиги - бул жөн гана оюнчук эмес, чебер маркетинг десек болот. Алсак, оюнчук тууралуу социалдык тармактарда “сюрприз-кутулар" тууралуу видеолор тарап, фанаттарга атайын челленждер уюштурулган. Албетте, мунун баары бренддин атайын стратегиясынын бир бөлүгү.

Letsvan компаниясы Wakuku оюнчугу менен Pop Mart’тын ийгилигин кайталоого бел байлаган. Pop Mart - Labubu’нун жаратуучусу болгон Кытайдын гигант бренди. Ал ийгиликке жетиш үчүн дээрлик он жыл сарптаган, ал эми Letsvan болгону бир жыл ичинде ошол эле деңгээлге жетти.

Letsvan Pop Mart’тан дизайндан баштап чектелген чыгарылыштарга чейин бардык ыкмаларды өздөштүргөн. Алардын тышкы рынокко чыгуусу да так ошол жол менен жүрүүдө. Алгачкы өлкө - Таиланд, мында жаштар социалдык тармактарды активдүү колдонушат жана Азия тренддерине берилгендик өтө күчтүү.

Wakuku жөн гана оюнчук эмес, маданияттын бир бөлүгүнө айланууда. Андан сырткары, Wakuku’нун баасы Labubu’га салыштырмалуу жеткиликтүү. Алсак, Labubu оюнчугунун баасы Кыргызстанда 2200 сомго чейин сатылса, Wakuku оюнчугун баасы 650-1750 сомго чейин сатылат. Ал эми Орусияда оргиналдуу Labubu’нун баасы 6500 рублдан жогору сатылууда.

What's on Weibo басылмасы белгилегендей, Labubu менен Wakuku - бул башталышы гана. Бул оюнчуктар балдар үчүн эмес, жаңы поп-маданияттын символуна айланып, чоңдордун жашоосуна да терең кирип бара жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан