Орусияда орус тилин чет өлкөлөрдө жайылтуу боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Жалпы суммасы 34,8 миллион рубль болгон тендерди Жалпы орусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору (ВЦИОМ) утуп алды.
Маалыматка ылайык, бул социологиялык изилдөө Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасы менен ишке ашырылат. Изилдөө Азербайжан жана Өзбекстанда, ошондой эле Венесуэла, Индия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу алыскы чет өлкөлөрдө жүргүзүлөт.
2024-жылы ВЦИОМ биринчи жолу изилдөө аймагын кеңейтип, Израил, Индия, Казакстан, Кытай, Куба жана Египетте орус тилинин абалы боюнча маалымат чогулткан.
Маалым болгондой, изилдөөгө ар бир өлкөдө онлайн-сурамжылоого кеминде 1500 респондент катышат.
2024-жылкы маалыматтарга ылайык, чет мамлекеттердеги "Русский дом" борборлорунда орус тили боюнча 14 миңге жакын адам билим алган. Азыркы тапта бул агенттиктин 71 өлкөдө 87 борбору бар. Агенттик приоритет катары КМШ өлкөлөрүн кароодо (Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан).
Ал эми Борбор Азияда орус тилинде окуткан мектептердин саны 2023-жылга карата Казакстанда 3 606 мектеп, Өзбекстанда 1000ден ашык мектеп (аралаш форматта кошо эсептелген), Кыргызстанда 751 мектеп болсо, Тажикстанда 200, Түркмөнстанда 71 мектепти түзөт.