Трамп Украинага дагы бир Patriot комплексин жөнөтүү мүмкүндүгүн карап жатат 

АКШ президенти Дональд Трамп Украинага дагы бир Patriot комплекси жөнөтүү мүмкүндүгүн карап жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal журналы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, эгер Трамп бул чечимди кабыл алса, анда бул анын Украинага биринчи жолу оор аскердик техника жөнөтүүгө макул болгон учуру болот. Трамптын администрациясы негизинен Байден тушунда бекитилген жардамдарды гана улантып келген.

Буга чейин Трамп жана АКШ Коргоо министрлиги Украинага курал-жарак жеткирүүлөрдү улантууну пландап жатышканын билдиришкен, бирок кандай курал болору так айтылган жок.

Ошондой эле Трамп Орусия президенти Владимир Путиндин жүрүм-турумуна нааразы экенин дагы бир жолу кайталап, шейшемби күнү бул боюнча мындай деди: "Биз Путинден көптөгөн ар кайсы нерселерди угуп жатабыз. Ал дайыма сылык сүйлөйт, бирок бул сөздөрдүн маңызы жок".

Басылма бул билдирүүлөр Трамптын Украина маселесинде мурдагыдан активдүүрөөк позицияны карманып жатканын билдире турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан