Ташиев: "Быйыл УКМКнын ар бир кызматкери турак-жай менен камсыз болот"

Быйыл УКМКнын ар бир кызматкери турак-жай менен камсыз болот. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Кара-Кулжа районундагы кызматкерлердин алдында сүйлөп жатып билдирди.

8-июлда Кара-Кулжа районунда УКМКнын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Эски имараттын ордуна заманбап, бардык шарттары бар үч жаңы үй курулган. Кызматкерлер өздөрү белгилегендей, мындай шарты бар үйлөр Кара-Кулжа районунда сейрек кездешет.

Ташиев жакында мамлекеттик комитеттин ар бир кызматкеринин үйү боло турганын баса белгиледи. Анын айтымында, учурда Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн бардык аймактарында турак жайларды куруп жатат.

"Быйыл Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана башка облустардагы үйлөр курулуп бүтүп жатат. Быйылкы жылы кызматкерлер турак-жай менен камсыз болушат, үйү жок адам калбайт. Бирок силер да мамлекетке татыктуу кызмат кылышыңар керек",- деп белгиледи ал өзүнүн кол алдындагыларга кайрылып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан