CNN 2024-жылдагы аудиожазууну жарыялады. Анда АКШнын президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путин менен Кытайдын башчысы Си Цзиньпинди кантип коркутканы айтып бергени бар.
Аудиожазуу АКШнын учурдагы президентинин шайлоо өнөктүгүнүн демөөрчүлөрү менен жолугушууда жазылып алынган.
"Мен Путинге айттым: "Эгер сен Украинага кирсең, мен Москваны бомбалайм. Мен сага айтып жатам, менин тандоом жок". Ал: "Мен сага ишенбейм" деди. Мен: "болгондо дагы кандай?" дедим. Ал дагы: "Мен сага ишенбейм". Бирок чынында ал мени текшерди... акыры мага 10 ишенди",- деди ал.
Андан кийин мен Кытайдан келген Си менен жолуктум. Мен ага бир эле нерсени айттым: "Эгер Тайванга кол салсаң, мен Пекинди бомбалайм". Ал мени жинди деп ойлоду. Ал: "Бээжинби?" Мен: "Менин башка аргам жок, мен сени бомбалашым керек. Пекинди бомбалайбыз". Ал дагы ишенген жок, бирок ал 10 пайызга ишенди. Чынын айтсам, 5 пайыз жетиштүү болмок",- дегенин угууга болот Трамптын.