Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери жарандардан акча чогултуу схемасын уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан оң корутунду берүү үчүн кишилерден акча алып келген. Шектүү негизинен Бишкек шаардык "Башкы архитектурасынан" уруксат алуу үчүн тиешелүү тараптарга санитардык нормалардын сакталышын тастыктаган уруксат кагаздарын мыйзамсыз берип жүргөн.
Атайын кызмат анын электрондук капчыгында чоң өлчөмдөгү акча каражаты болгонун, ошондой эле тинтүү учурунда дарыгердин жанынан 25 миң сом, ал эми унаасынан 55 миң сом табылганын белгиледи. Шектүү ал суммалардын келип чыгышын түшүндүрүп бере алган эмес.
Натыйжада ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринин ичинен аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
"Ошол эле учурда аталган дарыгери тарабынан берилген уруксат кагаздарынын мыйзамдуулугу жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларга ылайыктуулугу текшерилип, мыйзамга ылайык келбеген учурда берилген уруксат кагаздары жокко чыгарылат",- деп айтылат маалыматта.