УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн жалпы жетекчилер жыйында шаар мэрлерин жана район акимдерин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевден үлгү алууга чакырды.
Атайын кызматтын башчысы жыйында Токторбаевди тургузуп, башкаларга үлгү катары көргөзүп коюуну президент дайындаганын айтып, жетекчилерди эл аралап, күн-түн дебей иштөөгө үндөдү.
"Бүгүнкү күнү эгер Жеңишбек Токторбаевичти Ош шаарынын бийлигинен алып кетели дейличи, Ош шаарынын эли эмне болот экен? Эч ким бербейт. "Жок, бул мэр дагы 1-2 жыл иштеп берсин" деп ызылдашат",- деди Ташиев.