Жапаров Тажикстандагы иш сапары аяктар алдында Расулзода менен жолукту

Бүгүн, 9-июлда президент Садыр Жапаров Душанбе шаарында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тараптар кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Расулзода Садыр Жапаровдун сапары кызматташтыкты, биринчи кезекте экономикалык чөйрөдө, ошондой эле инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба жана башка багыттарда кеңейтүүгө олуттуу түрткү берерине ишеним билдирди.

Жапаров бул жыл кыргыз-тажик мамилелериндеги маанилүү учур экенин белгиледи.

Ага улай мамлекет башчысынын маалымат кызматы Садыр Жапаров Тажикстанга болгон иш сапары аяктап Бишкекке кайтканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан