АКШнын Техас штатында болгон суу ташкынынын курмандыктарынын жалпы саны 119 адамга жетти, дагы 173 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу New York Times гезити жергиликтүү бийликтерге таянып кабарлады.
Маалыматка ылайык, Техастын борбордук жана түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хилл-Кантри регионунда дээрлик бир жума мурун башталган кыйратуучу суу ташкыны бүтүндөй штат боюнча кеминде 119 адамдын өмүрүн алган. Техас штатынын губернатору Грег Эбботт билдиргендей, учурда дагы 173 адам дайынсыз болууда.
Каза болгон адамдар эң көп катталган жер — Керр округу. Бул жерде 95 адам каза болуп, 161 киши дайынсыз экени айтылды. АКШнын Улуттук метеорология кызматынын билдирүүсүндө, Керр округундагы бир нече шаарда күтүүсүз суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, учурда бул региондо жарым миллионго жакын адам суу ташкынынын коркунучу алдында турат.