Миллиардер жана X социалдык тармагынын (мурдагы Twitter) ээси Илон Маск учурдагы АКШ президенти Дональд Трамптын адилеттүүлүгүнө шек келтирди. Буга Трамптын финансист Жеффри Эпштейнге байланыштуу материалдарды ачыкка чыгарбаганы себеп болгон.
"Эгер Трамп Эпштейндин файлдарын жарыялабаса, эл кантип ага ишенмек эле?"- деп жазды Маск өзүнүн социалдык тармагында. Анын бул платформасында 222 миллиондон ашык катталуучусу бар.
Бул билдирүү эки саясий фигуранын ортосундагы жаңы чыңалуунун шартында айтылды. Маск буга чейин Трамптын тарапташы катары каралып келген, бирок ушул жумада ал президент кол койгон "мыйзамга" каршы чыгып, ага жооп катары "Америка партиясын" негиздеген.
Колдонуучулардын бири Масктан: "Эпштейндин файлдарын жарыялоо анын жаңы партиясынын негизги максаты болобу?",- деп сурады.
Маск буга 100 пайыз ишене берсе болорун айтты.
Бул тема Маск тарабынан буга чейин, тактап айтканда, июнь айында да көтөрүлгөн. Анда ал Трампты Эпштейндин тизмелерин жашырып жатат деп айыптаган. Бирок ал пост кийин өчүрүлүп, Маск Трамптан кечирим сураган.
Эскерте кетсек, Жеффри Эпштейн 2019-жылдын июль айында жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялаган деген айып менен камакка алынган. Анын кардарларынын жана тааныштарынын арасында дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдүн жогорку даражалуу саясатчылары, бизнесмендери жана элита өкүлдөрү болгон. Ал 2019-жылдын 10-августунда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон, андан кийин кылмыш иши жабылган.