Балдар лагерлери жана курорттук комплекс мамлекетке кайтарылды

Балдардын эс алуу лагерлери жана курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Жал айылында жайгашкан 12,5 гектар жери менен "Строитель" жана 7,5 гектар жери менен "В.Дубинина" балдардын эс алуу лагерлери мамлекетке алынса, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы 1 гектар жери менен курорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси да мамлекетке кайтарылган.

Аталган социалдык объектилер 1997-жылдан 2001-жылга чейинки мезгилде акционердик коомдордун жана мамлекеттик органдардын өз алдынча чечимдеринин негизинде мыйзамсыз менчиктештирилип, андан кийин балдардын ден соолукту чыңдоо борборлорунун ишмердүүлүгү жокко чыгарылып, мүлктөрү сатылып кеткен.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

УКМК
УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан