Дагестандын Магарамкент районундагы беш айылда ичүүчү сууга уулангандардын саны 274кө жетти, алардын ичинен 270ин балдар түзөт. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"7-июлдан тарта Магарамкент районунун медицина кызматкерлери Дагестандын Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар жана эпидемиология боюнча адистеринин колдоосу менен үзгүлтүксүз түрдө ичеги инфекциясына чалдыккандарды аныктоо иштерин жүргүзүп келишүүдө. Акыркы эки сутка ичинде гастроэнтерит белгилери менен 274 учур катталды, алардын 270и – балдар",- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бейтаптардын абалы жеңил формада өтүп, оң динамика байкалууда. Ууланган жарандарга жардам көрсөтүү максатында Магарамкент райондук борбордук ооруканада кошумча керебеттер жайгаштырылды.
"Учурда бул жерде ичеги инфекциясы менен 84 бейтап дарыланууда, калган жабыркагандар амбулатордук негизде дарыланып жатышат. Дарыгерлерде керектүү дары-дармектердин баары бар",- деп маалымдайт министрлик.
Эске салсак, 7-июлда Магарамкент, Куйсун, Гиляр, Гапцах жана Жогорку Тагиркент айылдарында курч ичеги инфекциясынын көптөгөн учурлары катталган.
Алгач массалык уулануу фактыларынан кийин райондук ооруканага 110 жергиликтүү тургун кайрылган, алардын ичинен 18и ооруканага жаткырылганы кабарланган. Бардык жабыркагандарда, анын ичинде 3 жаштан 14 жашка чейинки балдарда, уулануунун жеңил жана орточо оор түрлөрү аныкталган.
Роспотребнадзордун аймактык башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, бул оорулардын себеби Магарамкент айылынан 14 чакырым алыстыкта жайгашкан "Жепельский" суу булагынан келген ичүүчү суу менен байланыштуу.
Мындан тышкары, 30-июнь жана 4-июлда болгон суу түтүктөрүндөгү авариялар тууралуу маалыматтар Дагестандагы Роспотребнадзор башкармалыгына өз убагында жеткирилбегени аныкталган.