Бишкекте үч эм наристе жарык дүйнөгө келди

Бишкек шаарындагы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда үч эм наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу аталган борбордон бүгүн, 10-июлда маалымдады.

Кабарлангандай, 7-июлда Перинаталдык борборго Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын Гүлназ Ибраева аттуу тургуну кайрылган. Ал 8-июлда үч эм наристе кыздарды жарык дүйнөгө алып келди.

Алардын салмагы 2535 грамм, 2345 грамм, 2520 грамм.

Буга чейин анын 4 баласы болгон.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан