Балбан Кутман Калбаев Азия чемпиондугунда күмүш медаль алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, балбан 55 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Финалда ал кадеттер арасында дүйнө чемпиону болгон ирандык Паям Ахмади Балутакиге утулуп калды.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча 20 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпиондугу (U-20) 9-июлда башталып, Бишкек шаарында өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан