Индияда күчүк жакындап келе жаткан жер көчкү тууралуу эскертип, 67 адамды сактап калды

Индиянын Сияти айылына күчүк жакындап келе жаткан жер көчкү тууралуу эскертип, 67 адамды сактап калды. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июнда аймакта түнкүсүн катуу жаан башталып, андан кийин жер көчкү жүрүп, онго жакын үй жараксыз абалга келген.

Беш айлык күчүк адамдарды куткарууга жардам берген. Түн жарымда жаныбар катуу үрүп, дубал тарапты көрсөтүп үй ээсин ойготкон, ал дубалдын жарака кеткенин байкап, дароо коңшуларына коркунуч тууралуу эскерткен.

Күчүктүн жардамы менен 20 үй-бүлөдөн 67 адам үйлөрүн таштап, жергиликтүү храмга баш калкалоого жетишкен.

Аймакта эртеси жер көчүп, катуу жамгыр жааган. Химачал-Прадеш штатында сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктардан буга чейинки күндөрдү кошкондо жалпы 78 адам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан