"Реал Мадриддин" мурдагы машыктыруучусу бир жылга эркиндигинен ажыратылды

Италиялык машыктыруучу Карло Анчелотти Испанияда салык төлөөдөн качкан деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Испаниянын соту учурдагы Бразилиянын жана "Реал Мадрид" клубунун мурдагы машыктыруучусу Карло Анчелоттини салыктык көз боёмочулук үчүн бир жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал 2014-жылы "Реалда" машыктыруучу болуп турганда өзүнүн имиджин жарнамада колдонуудан тапкан кирешесине салык төлөгөн эмес. Сот бирок аны 2015-жылкы салыкка байланыштуу актады. Анткени ал Испанияда ошол мезгилде жашаганы тууралуу далилдер жок.

Карло Анчелотти "Реал Мадридди" эки мезгилде жетектеген. Биринчиси 2013-жылдын июнунан 2015-жылдын майына чейин, экинчиси 2021-жылдын июнунан 2025-жылдын майына чейин. Андан кийин ал падышалык клуб менен кызматташтыгын токтотуп, Бразилия курама командасына машыктыруучу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан