
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, акыркы суткада өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылды.
Анын ичинен Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда 6 өрт кырсыгы болду. Ал эми Чүйдө 4, Ош шаарында, Ош жана Нарын облустарында 1 өрт кырсыгы катталды.
ӨКМ кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырды.