Британия менен Франция Storm Shadow ракеталарынын запастарын көбөйтөт

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон бейшемби күнү кол коюшкан Лондон менен Париждин ортосундагы жаңыланган келишимге ылайык, өлкөлөр алыскы аралыкка учуучу Storm Shadow канаттуу ракеталарынын запастарын көбөйтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Стармердин кеңсеси билдиргенин жазышты.

"Жаңы келишим Улуу Британия менен Францияны алыс аралыкка атуучу жана кемеге каршы ракеталар боюнча биргелешкен долбоорунун кийинки этабын баштоого милдеттендирет. Бул Storm Shadow`ди алмаштыруунун акыркы долбоорун жакындатат",- деп айтылган билдирүүдө.

Келишим ошондой эле Королдук аскердик аба күчтөрүнүн истребителдери үчүн визуалдык диапазондон тышкары иштеген аба ракеталарынын жаңы муунун биргелешип иштеп чыгууну камтыйт.

Буга чейин BMF-TV Елисей сарайына шилтеме жасап, Макрон менен Стармер бейшемби күнү ядролук токтотуучу күчтөрдүн аракеттерин координациялоо боюнча декларацияга кол коюшарын билдирген.

Телеканалдын маалыматына караганда, келишим Европа өлкөлөрүн коркунучтар болгондо коргоо боюнча биргелешкен аракеттерге багытталат. Бирок мындай кырдаалда Париж менен Лондон кандай аракеттерге даяр экени тактала элек.

Макрон учурда Улуу Британияда иш сапары менен жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан