Ташиевдин уулу менен жакын мамиледе экени айтып, алдамчылык кылгандар кармалышты

УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты-жөнүн пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, алдамчылык фактысы боюнча Ш.у.З. жана С.И.Ф. аттуу кыргыз жарандары кармалган. Алар УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экендигин айтышып, коркутуу жолу менен К.Э.И. аттуу жарандын жеке кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.

3-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.у.З. жана С.И.Ф. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан