Вьетнамдагы аскердик парадга беш өлкөнүн армиясы катышат

Вьетнамда 2-сентябрдагы Улуттук күнгө арналган аскердик парадга Орусия, Кытай, Лаос, Камбоджа жана Беларустун куралдуу күчтөрү катышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн улуттук коргоо министринин орун басары Хоанг Суан Чиен Август революциясынын 80 жылдыгын жана Улуттук күндү майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо боюнча жыйында билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Вьетнамдын улуттук коргоо министри, армиянын генералы Фан Ван Зянг сегиз өлкөгө (Орусия, Кытай, Лаос, Камбоджа, Куба, Беларусь, Казакстан жана Азербайжан) салтанатка катышуу үчүн чакыруу жөнөткөн. Ошол эле учурда беш мамлекет аскер жиберүүгө макул болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан