Комсомол көлүнө 43 жаштагы жаран чөгүп кетти

Социалдык тармактарда Бишкектеги Комсомол көлүндө чөккөн адамдын видеосу тарады. Видеодон сууга чөккөн кишинин жанында турган милиция кызматкерлери менен бир нече адамдарды байкоого болот.

Окуя боюнча Свердлов РИИБинин басма сөз кызматына байланышканыбызда, окуя кечээ, 9-июль күнү кечинде, болжол менен саат 18:00дө болгонун билдирди. Милицияга сууга чөккөн адам тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Маркумдун өздүгү такталып, ал 43 жаштагы К.М. экени аныкталды. Бул факт Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, 7-июль күнү шаардык мэриядан Комсомол көлүнүн ачылганы, анда эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө экени боюнча билдиришкен болчу.

Комсомол көлүнө чөгүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан