Талас облусунда "Кербен-Базары" мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат кыргыз-казак мамлекеттик чек ара сызыгында, "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан мурдагы "Кербен-Базары" 3 гектар жер тилкесин мыйзам бузуу менен колдонгону аныкталганын белгиледи.