Орусиялык белгилүү стендапер, юморист Алексей Щербаков "Бейиш эненин таманында" тасмасынын уландысы болгон "Бейиш: Апама кат" тасмасына тартылып жатат. Бул тууралуу актёр, вайнер Алтынбек Казакбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилүү болгондой, учурда тасманы тартуу иштери жүрүүдө.
Буга чейин тасманын уландысында да башкы ролду актёр Эмил Эсеналиев аткара турганы маалымдалган.
Эске салсак, "Бейиш эненин таманында" тасмасы 2024-жылдын февраль айында көрүүчүлөргө тартуулана баштаган. Тасма Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө да көрсөтүлдү. Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында тартылган.