УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 9-июлда Ош шаарындагы жыйында мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин үч тандоосу бар экенин айтты.
Ал кызматтык милдетин талаптагыдай аткара албагандар жоопко тартыларын эскертти. Ошондой эле атайын кызматтын башчысы кызматтык милдетин жакшы аткарган жетекчилер мамлекет тарабынан татыктуу баасын аларын айтты. Буга улай Ташиев кызматта берилгендик менен иштей албай дегендерге үчүнчү жолду сунуш кылды.
"Эгер мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо албайм" дегендер болсо, алар эртерээк жумуштарын тапшырып, өзүнүн жеке иштери менен алектенсин. Өзүңөр тандагыла",- деди ал.