Жашоодо жакшы адамдардын көп экенин далилдеген сүрөт 

Бир нече жыл мурун Африкада ачкачылыктан каза болоюн деп жаткан балага суу берип жаткан аял менен баланын сүрөтү тараган.

Ал сүрөттөгү дүйнөнү дүрбөлөңгө салган даниялык гуманитардык активист Аня Ринггрен Ловен сактап калган бала менен кайрадан сүрөт жүктөдү. Куткарылган бала мектепти аяктады. Ал ата-энесиз калып, ырым-жырымдын айынан айылдан куулуп, арыктап, жылаңач, оор абалда кызга жолуккан. Аня аны кабыл алып, ден соолугун калыбына келтирип, кайра жашап кетүүсүнө жардам берген. Бүгүнкү күндө ал бүтүрүү кийимин кийип сыймыктануу менен турган, өзүнө ишенген жигит болуп чоңойгон.

Социалдык тармактын колдонуучулары: "Бир боорукер адам бир кыйналган адамдын жашоосун өзгөртө аларын далилдеген сүрөт" деп суктанышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан