Бүгүн, 10-июлда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өтүүдө.
Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин, ошондой эле КМШнын тиешелүү өнөктөш түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
Жыйында "Тилектештик – 2024" биргелешкен чек ара операциясынын жыйынтыктары, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча чаралар талкууланды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган иштерин өзгөчө баса белгилеп өттү.
"Кыргызстан Евразиянын так борборунда жайгашып, тышкы чек аралары жок ШКУдагы жалгыз мүчө мамлекет. Бул бизге бардык катышуучулар, анын ичинде биздин байкоочулар үчүн бириктирүүчү жана бейтарап аянтча болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Биз диалогду тереңдетүү жана "Шанхай рухунда" кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык шарттарды камсыз кылууга даярбыз",- деди атайын кызматтын башчысы.