Ош облусу “Евразиянын жүрөгүнө саякат” эл аралык экспедициясын тосуп алды

Бүгүн, 10-июль күнү Ошто президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев “Евразиянын жүрөгүнө саякат” эл аралык экспедициясынын 90дон ашуун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Делегация курамында белгилүү блогерлер, журналисттер жана медиа өкүлдөрү бар. Маданий-агартуу мүнөзүндөгү бул масштабдуу долбоор Евразиянын 30дан ашуун шаарын камтып, эл аралык кызматташтыкты, достукту жана маданий жакындашуу процессин колдоого багытталган.
Меймандар Ош облусунда “Эне-Сыйынган эне” мемориалына гүл коюшуп, шаарда уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ташбаев меймандарга ыраазычылык билдирип, алардын бул сапары аймакка болгон чоң кызыгууну тастыктарын белгиледи.
Коноктор кыргыз элинин меймандостук салты менен тосуп алынып, улуттук суусундуктар сунушталып, “Шайыр апалар” фольклордук тобу жана этно-көргөзмө аркылуу жергиликтүү маданият көрсөтүлдү.
Экспедициянын жүрүшү боюнча алар Кыргызстан тууралуу контенттерди жаратып, өлкөнүн маданиятын, жаратылышын жана туризм мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууда.
Белгилей кетсек, Эл аралык экспедиция “Евразиянын жүрөгүнө саякат” Москвадан июнь айында башталып, 50 күндүн ичинде 30 шаарга барууну пландаштырган. Бул чоң иш-чара Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан катышуучуларды бириктирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан