Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалышканын билдирди.
Атайын кызмат кармалган Ж.Р., Ж.К., Ч.Н. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгилеп, ошондой эле К.у.А. жана Т.А. аттуу жарандар аталган уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартуу ниетин билдиришкенин маалымдады.
Алар Telegram мессенджеринде экстремисттик идеяларды жана материалдарды таратып келишкен. Андыктан алардын жашаган жерлери тинтүүгө алынып, 1 ноутбук жана диний адабияттар табылган.
Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери уланууда.