Жыл аягына чейин Индиядан Орусияга 1 миллион мигрант келе тургандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Орусиянын Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда. .
Буга чейин Уралдын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Андрей Беседин квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен улам Орусияга жыл аягына чейин Индиядан 1 миллион мигрант келерин билдирген эле.
"Индия сыяктуу “визалык” өлкөлөрдөн жумушчулар квота механизми аркылуу тартылып, план бир жыл мурун түзүлөт. Квоталардын көлөмү региондордун суроо-талабы боюнча, кадрлардын жетишсиздиги тастыкталган иш берүүчүлөр тарабынан билдирилген муктаждыктын негизинде аныкталат. Аймактардан түшкөн сунуштар ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып, өкмөт тарабынан бекитилет",- деп белгиленди билдирүүдө.