Таласта мыйзамсыз курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жай Айтматов районунун Маймак айылындагы ээн талаадан, мамлекеттик чек арадан 50 метр алыстыктан табылган.
"АК-47нин 4 даана магазини, 1 даана 5.45 калибириндеги ок, 6 даана 12 калибириндеги ок, 2 даана бычак, 2 даана 16 калибириндеги сайсыз мылтык, 2 даана 32 калибириндеги сайсыз мылтык (бирөөсү кыскартылган), 1 даана жашыруун маска жана кол кап, 2 даана атылган 32 калибирдеги гильзалар алынды",- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.