Бүгүн, 1-июлда Куала-Лумпурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жолугушуусу башталды.
Чет элдик ЖМКлар маалымдагандай, тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) иш-чараларынын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Акыркы жолу эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү Эр-Риядда 19-февралда жолугушкан.