Бүгүн, 10-июлда Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суулар арыктардан ашып, борбордук көчөлөрдү каптады. Учурда жалпы 80 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттерин көрүшүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Навои көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Чкалов көчөсүндө жайгашкан Ош облустук архивинин имаратынын жана Курманжан датка көчөсүндөгү №1 үй-бүлөлүк бейтапканасынын жертөлөлөрүн суу каптады. Ошондой эле 3 турак үйдүн ичине суу кирип, 1 үйдүн жер төлөсүн, 1 үйдүн короо жайын каптаган. Ал эми 9 адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.
Учурда ӨКМдин куткаруучулары арыктарды тазалап, суунун нугун буруу иштерине чыгышты.