Ford Motor компаниясы күйүүчү май насосу иштебей калышы мүмкүн деген кооптонуулардан улам АКШдагы 850 300 унаасын артка кайтарып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бузулган күйүүчү май насосу бактан кыймылдаткычка агымын азайтып, анын токтоп калышына жана кыйроо коркунучун жогорулатат. Күйүүчү майдын көлөмү аз болгондо же ысык аба ырайында бузулуу ыктымалдыгы жогору", - деп айтылат макалада.
Компания мүчүлүштүк чыгарылган унаалардын 10 пайызынан аныкталганын белгиледи.