Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кой-Таш айылында катуу сел жүрүп жатат.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдирди. Алардын айтымында, катуу келген суу ташкыны айрым короо-жайларды, дүкөн, сарайларды алып кетти. Ошондой эле электр энергиясына да залакасын тийгизди.
Кошумчалангандай, айылды бириктирип турган көпүрөлөрдү да сел алып кетти.
Расмий булактар азынча маалымат берише элек.