Орусияда кош бойлуу аял фельдшерге кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
8-июль күнү "Тез жардам" Нижний Новгороддун Сормовский районуна шашылыш чакырууга барган. Аялга жардам керек болгон, бирок бейтап күтүүсүздөн 37 жаштагы фельдшерге кол салган. Кош бойлуу бейтапты төрөт үйүнө алып кетишмек болгон, аял жинденип фельдшерди бетине жана башына чаап, ооруканага жеткенге чейин сабап барган. Көрсө, унаага отурганга чейин, ал тамеки чегем дегенде дарыгер уруксат бербей койгон. Төрөт үйүнө милиция чакырганы аргасыз болушкан.
Жабыркаган фельдшердин бетинде көптөгөн көгала тактар пайда болгон жана денеси сыйрылып кеткен.
Дарыгерге кол салуу фактысы боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси "Күч колдонуу менен жасалган бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча шектүү сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
"Жабыркаган фельдшер аял Нижний Новгород облусунун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөсү. Ага реабилитация үчүн акчалай жардам көрсөтүлөт",- деп билдирген профсоюздун төрагасы Василий Приказнов.
Бирок мындай учурлар көбөйүп бараткандыктан, профсоюз "Тез жардам" унааларын видеокамералар менен жабдууну караштырууда. 2024-жылы эле "Тез жардам" бригадаларына кеминде 11 жолу кол салуу болгон.